+996-312-616-882, info@keiin.kg
 

Кейинге кош келиӊиздер!

Кейин дүйнөнүн жана Кыргызстандын бардык аймактарынан келген адамдардын баарын кубануу менен тосуп алат. Кейин жакындан таанышууну каалаган бардык тараптарды университеттин кампусу жана анын академиялык программалары тууралуу жалпы маалыматтар менен камсыз кылат.
Бизге келүү үчүн Бишкектен Жибек-Жолу менен Ысык-Көлдү көздөй жүрүү керек. Бир катар кичине айылдардан өтөсүз. «Ивановка» деген жазууну көргөндөн кийин, борбордук базардан өтүп, чоӊ жолдон оӊду (түштүктү) карай буруласыз. 5 км өткөн соӊ, жолдон ар дайым жашыл болуп турган дарактардын жанынан оӊду көздөй буруласыз.