+996-312-616-882, info@keiin.kg
 

Университет

Кейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен 11-апрель 2017-жылы 4-жылдык жогорку билим берүү (университет) тууралуу лицензияны алгандыгын кубануу менен жарыялайбыз.

Лицензиянын номуру: LD170000214

Кейин 2017-жылдын күз айында университеттин программаларынын үстүндө иш алып барууну улантат. Англис тилинде өтүлүүчү бакалавр программасы төмөндөгүлөрдү камтыйт:

  • Бизнести башкаруу
  • Компьютердик технология (Software/IT)
  • Чет тилдер

Программалар тууралуу кенен маалымат алуу үчүн ‘info@keiin.kg’ дареги аркылуу кайрылыӊыз.

11-апрель 2017-жылы жаӊыланган

2012-жылдан бери Кейин 4-жылдык бакалавр программасы менен бирге эле Кейиндин колледждик программасынын (лицензия: июль 2015-жыл) үстүндө да иш жүргүзүп келет. Арызды киргизүү жана лицензияга уруксат алуу тууралуу кыскача маалымат төмөндө келтирилди:

  • 3-март 2017-жылы Кейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине 4-жылдык бакалавр программасын ачуу боюнча арыз киргизди.
  • 31-март 2017-жылы Кейиндин 4-жылдык бакалавр программасын ачуу боюнча арызы министрлик тарабынан жактырылды.
  • 11-апрель 2017-жылы Кейин Министрликтен үч программаны камтыган университеттик лицензиянын күбөлүгүн алды.