+996-312-616-882, info@keiin.kg
 

Ой-пикирлер

“Окубай коюуга мүмкүн эмес!”

– Юлия Кан, Бизнести башкаруу программасынын студенти –

Мен мурун башка университетте экономика факультетинде окучумун. Ал жакта мугалимдер лекцияларын окуп бүткөн соӊ, эч кимге көӊүл бурбастан кете беришчү. Түшүнбөй калган студенттер менен чогуу иш алып барышчу эмес. Мага ал нерсе жакчу эмес. Ошентип, мен ал университетте окубай калдым. Кийинчерээк тааныштарым Кейин тууралуу айтышып, ал жакка тапшырууну сунушташты. Бир топко чейин ойлонуп жүрүп, анан акыры аракет кылып көрүүнү чечтим. Албетте, биринчи жыл мен үчүн өтө оор болду. Ошентсе да, мугалимдер бардык тараптан колдоо көрсөтүшүп, ар бир нерсени түшүндүрүп беришти. Азыр менде эч кандай көйгөй жок, мен сабактарга көӊүлдүү маанай менен барам. Анткени, ал жакта сый-урмат жана бири-бирине жардам берүүгө даяр адамдар бар, мугалимдер менен студенттердин ортосунда жакшы мамиле түзүлгөн. Мага ушул себептерден улам Кейин жагат. Ушундай институтта жана шарттарда окубай коюу мүмкүн эмес!


“Кейиндеги атмосфера – жакшы мамиле, өз ара жардам берүү жана эӊ жакшы нерселерге умтулуу.”

– Салимжанова Фания, англис тил мугалими

Мен Кейиндин атмосферасын жактырам – ал мугалимдер менен студенттердин ортосундагы боорукерликти, ынтымакты жана сый-урматты чагылдырат. Бул жакта иштөө жеӊил жана жагымдуу. Студенттердин билим деӊгээли ар кандай болуп келет: айрым студенттер башкаларга салыштырмалуу жакшыраак даярдыкта келишет, бирок алардын бардыгы биз менен чогуу иштешүүгө даяр, анткени, алар окууга деген максаттарын даана аныкташат жана окууга олуттуу мамиле жасашат.
Албетте, бардык эле студенттер бирдей жоопкерчиликтүү эмес жана баары эле жакшы жыйынтыктарды көрсөтө беришпейт. Алардын арасында да төмөн баа алып калгандыктарына байланыштуу окууларын бул жакта уланта албай калгандары да кездешет. Бирок, биз Кейиндин атмосферасы ар дайым аларды коштоп жүрөт деп ишенебиз:алар жакшы мамиле түзүү, бири-бирине жардам берүү жана эӊ жакшы нерселерге жетишүү.

 


“Мен өзүмдү чоӊ жана бактылуу үй-бүлөнүн мүчөсү катары сезем.”

– Кичатова Галина, англис тил мугалими

Мен Кейин институту ачылгандан бери англис тилинен сабак берип иштеп келе жатам. Бул жерде иштөө ыӊгайлуу, анткени, окутуу үчүн бардык шарттар бар: окутуу материалдары, техникалык жабдуулар, Интернет. Жамаат ынтымактуу, ал эми студенттер аракетчил. Мугалимдер менен студенттердин ортосундагы мамилелер өз ара сыйга жана түшүнүүгө негизделген.
Мен өзүмдү кадимки бөлүмдүн кызматкери гана эмес, чоӊ үй-бүлөнүн мүчөсү катары сезем. Биздин милдетибиз студенттерге англис тилинде абдан жакшы сүйлөөнү үйрөтүү, алардын математика боюнча жөндөмүн жакшыртуу жана компьютердик технологиялар боюнча жөндөмдөрүн жогорулатуу болуп саналат. Ал эми, биздин институттун материалдык базасы максаттарыбыз менен милдеттерибизди ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү жетет. Бардык шарттарды түзүүдө Д-р Полл Шинндин ролу абдан чоӊ. Ал бардык кызматкерлерге жана студенттерге көӊүл буруп, атасындай жылуу жана мээримдүү мамиле жасайт. Мен үчүн Кейин экинчи үй, ал эми кесиптештерим экинчи үй-бүлөм болуп саналат.

 


“Кейиндин келечеги кеӊ.”

– Сардарбек Омурбеков, математика мугалими

Кейин институтунда бардык сабактар, анын ичинен, математика дагы англис тилинде өткөрүлөт. Институт эл аралык университеттерге тапшыруу үчүн студенттерди даярдоо боюнча эӊ жакшы даярдоо программасын түзгөн деп айта алам. Математика жана англис тилдери көп өткөрүлүп, студенттер ТОЕФЛ тестине жакшы даярдалышат. Майкрософт Офисти жана Экселди кошкондо, негизги компьютердик жөндөмдөр, ошондой эле, веб-сайттарды түзүү сыяктуу татаал программалар да окутулат.
Кейиндин келечеги кеӊ, ал башка чет тилдерди окутуу, бизнести башкаруу жана туризм бөлүмдөрүн камтуу менен өз кулачын жайууну пландаштырууда. Максаты Кыргызстанда жакшы адистерди даярдоо болуп саналат.

 


“Европалык билим берүү жана талыкпас эмгек”

– Кубанычбек Балыков, юрист –

Кейин Институтунун башка университеттерден өзгөлүгү анын элет жеринде жайгашкандыгы. 2008-жылы университеттин имараты толугу менен оӊдолуп чыкты. Азыр эми студенттер үчүн билим алууга көп мүмкүнчүлүктөр бар. Айрым дүйнөгө таанымал университеттер да эле жерлеринде түзүлүп, кийин ал жерлер университеттер аркылуу шаарга айланышкан.
Университеттин администрациясынын талыкпас эмгеги жана мугалимдердин сапаттуу билим берүүгө болгон аракеттери бул окуу жайга атак алып келет. Ал ошондой эле, Кыргызстандагы билим берүүнүн деӊгээлин Европалык стандарттарга жеткирет.