КЕЙИН ДЕГЕН ЭМНЕ?

КЕЙ-ИН, (啓 – 寅) кытайча “таңды ачуу” дегенди билдирет. Институттун негиздөөчүсү, доктор Паул К.Синн тарабынан, келечегин кура турган жана айлана-чөйрөсүн өнүктүрө ала турган,  жаш муундагы жетекчилерге сапаттуу билим берүү менен, өлкөгө “таңды ачуу” максаты коюлган.

ЭРКИНДИК

ЧЫНДЫК

Эл аралык билим берүү стандарттарына ылайык, эмгек рыногунда талап кылынган жана Чүй облусунун инновациялык өнүгүүсү аркылуу көйгөйлөрдү чечүүгө жөндөмдүү, адеп-ахлактык адистерди даярдоо.

БООРУКЕРДИК

ТАРЫХЫ

2009-жылы Кыргызстандагы Ивановка айылында имараттар сатылып алынып,  негизги кампуска айланган. 2012-жылдан бери англис тилинде жалпы билим берүү программасы иштей баштаган. Андан тышкары, 2015-жылы колледж үч жылдык лицензиясын алган. 2015-2017-жылдар аралыгында АКШ жана Корея Республикасынын бир катар университеттери менен кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол коюлган. Ошентип, 2017-жылы жогорку билим берүү ишине укук берүүчү лицензия алынган.

КЕИЙН ЖАЙГАШКАН ЖЕРДИН ИНФРАСТРУКТУРАСЫ

Кейин эл аралык институтунун кампусунда (жайгашкан жеринде) студенттер үчүн ыңгайлуу бардык шарттар түзүлгөн.

Студенттик кампуста 1950,13 чарчы метр аудитордук фонд, ар кандай темадагы материалдары, окуу куралдары бар китепканасы,  актовый зал, компьютердик бөлмөлөр жана интернетке туташтырылган лаборатория бар.

Ошондой эле, студенттер үчүн бардык жашоо шарттары (ысык жана муздак суу, ванна бөлмөсү, жылытуу) менен камсыздалган заманбап жатакана бар жана ашканада тамак менен камсызкылынган. Жатаканада жашагандар үчүн күнүнө үч маал тамак төлөгөн акысына кошулат. Wi-Fi байланышы капмустун жана жатакананын аймагында бар.

Эл аралык академиялык программалар студенттин жаңы практикалык ыктарды өздөштүрүүсүнө, көз-карашынын кеңейишине, бизнес жаатында тилдер боюнча билимин колдонууга, ошондой эле өзү үчүн жаңы маданият менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет.

Учурда Кейин АКШ жана Корея Республикасынын төмөнкү университеттери менен кызматташат:

  • Миссури университети, АКШ.
  • КукМин Университети, Сеул, Корея.
  • Инчхон Улуттук университети, Корея.
  • Косин университети, Корея.
  • Шинхан улуттук университети, Корея.

ЛИЦЕНЗИЯЛАР ЖАНА АККРЕДИТАЦИЯЛАР

Кейин Эл аралык Институту Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги тарабынан белгиленген расмий дипломун берет (мамлекеттик стандарт боюнча).

Университет лицензияланган жана аккредитацияланган, бул тууралуу маалыматты бул жерден көрө аласыз.