Колледж

Подготовительная Программа к Университету

Бакалавр

  1. Арыз
  2. Жалпы билими жөнүндө күбөлүк
  3. Паспорттун / туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү
  4. 4 сүрөт (3 х 4 см, түстүү)
  5. Медициналык справка (086-У формасы)
  6. * Кыргызстанда жашаган чет өлкөлүк жарандар үчүн, Кыргыз Республикасына виза баракчасынын көчүрмөсү
  7. Каттоо акысы 500 сом
  1. Арыз
  2. Жалпы билим жөнүндө күбөлүк
  3. ОРТ сертификаты
  4. Паспорттун / туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү
  5. 4 сүрөт (3 х 4 см, түс)
  6. Медициналык маалымкат (086-У формасы)
  7. * Кыргызстанда жашаган чет өлкөлүк жарандар үчүн, Кыргыз Республикасынын визалык барагынын көчүрмөсү. ЖРТ же ага барабар сертификат талап кылынбайт.
  8. Каттоо акысы 500 сом:

Студенттер үчүн шарттар

Кейиндин жатаканасы  – бул студенттердин адам укуктарын жана ар түрдүүлүгүн урматтап, бири-бирине кам көрүп, сүйүү көрсөткөн жааматта чогуу жашап, үйрөнө турган жай. Жатакана кампуста жайгашкан, жаратылыш менен курчалган, жыл мезгилдерине суктанууга мүмкүнчүлүк бар . Жатаканада ыңгайлуу окуу залы, ашкана жана китепкана менен камсыз кылынган.

Жатаканада жашаган студенттердин 20%ы — чет элдиктер. Ар кандай маданияттагы, каада-салтты, аң-сезими бай студенттери чогуу жашап, билим алышат. Алар окуу жайдагы иш-чараларды уюштуруп, кызыктуу убакыт өткөрүшөт.

Студенттер жатаканага сентябрь же февраль айларында, окуу жылы башталганда, көчүп келишет. Жай мезгилиндеги үч айлык (июнь, июль жана август) жана кышкы каникулдарды эске албаганда, алар жатаканада жылына 8 ай жашашат.

Жатакана, биринчиден, Кыргызстандын алыскы аймактарынан, башка өлкөлөрдөн келгендерге жана Кеиинде биринчи жылы окуган студенттерге берилет.

Кейиндин ашканасы:   Студенттер билим алуу менен бирге, даамдуу тамак менен камсыз болушат. Студенттердин күч-кубатка толуп турушуна ар дайым кам көрүлөт. Жатакананын жашоочулары үчүн күнүнө үч маал тамак берилет. Кампуска келгендер күн сайын даамдуу түшкү тамак менен камсыз болушат .

Ошондой эле, студенттер бош убактыларында ыңгайлуу кафетерийге каалаган убакта келе алышат. Ысыкта муздак суусундук, кыш мезгилинде ысык кофе, чай менен жылынып, камкор мамиле сезишет.

Кейин Бишкекте жашаган студенттерди бекер транспорт менен жеткирет. Окуу убагында ар күнү эртең менен саат 8:00-дө Ала-Медин базарынын жанынан жолго чыгат. Сабактан кийин окуучуларды шаарга чейин жеткиришет.