+996-312-616-882, info@keiin.kg
 

Кейиндин ректору

Пол К. Шинн, Ph.D.

Ректор

Саламатсыздарбы, менин атым Пол Шинн, Кейин Эл аралык институтунун түптөөчүсү болом. Жаш кезимде Кореядан Америкага «америкалык кыялымды» ишке ашыруу – Огайо мамлекеттик университетинен философия илимдеринин доктору даражасын алуу үчүн баргам. Кыргызстанга келгенге чейин 30 жылдан ашык Америкада жашап, сабак бердим.

Бул жакка азыркы ааламдашкан 21-кылымда өз өлкөсү үчүн натыйжалуу иштеп бере турган жаштарды окутуу үчүн Кыргызстанда чыныгы эл аралык университетти түзүү деген гана кыялым менен келгем. Жумушуна берилип иштеген кызматкерлер, таланттуу жана тажрыйбалуу профессордук-окутуучулук курам жана дилгир студенттер менен бирге Кейин институтун кыялыбыздагы жай кыла алдык.

9-класстын окуучулары үчүн жаӊы орто билим берүү (10-11- класстар) боюнча курстун, кеӊири таанымал болгон англис тилинде колледжге даярдоо боюнча курстун жана менеджмент, компьютер жана туризм багыттарындагы 2-жылдык лицензияланган программалардын үстүндө иштөө менен кыялыбызды ишке ашырууга даярбыз. Азыркы учурда, кошумча лингвистика/котормо багытындагы факультетти ачуу менен 4-жылдык бакалавр программасын ишке киргизүүнүн алдында турабыз.

Студенттердин жана мугалимдердин окуусуна жана иштөөсүнө колдоо көрсөтүү максатында кампуста бекер вай-фай, заманбап компьютердик лаборатория, он-лайн класстар жана китепкана (4000ден ашык китептер) иштейт. Ивановканын кооз четинде жайгашкан Кейин институтунун 18-гектардык кампусунун ичине заманбап жатакана, ашкана, студенттик кафе жана университеттин чоӊ жыйындар залы кирет. Ашканада жогорку квалификациядагы ашпозчулар жана тажрыйбалуу кызматкерлер даярдаган витаминдерге бай жана даамдуу тамактар күн сайын сунушталат.

Эгерде өзүӊүздүн кыялдарыӊызды ишке ашырууну кааласаӊыз, бизге келиӊиз! Чалып же электрондук кат жиберип, биз тууралуу кенен маалымат алыӊыз. Студенттерибиз дээрлик Кыргызстандын бардык аймактарынан келип окушат: Бишкек, Беловодск, Красная Речка, Люксембург, Кант,Токмок, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Баткен, Жалал-Абад … Бизге кощулуӊуз, биз Сиздин кыялдарыӊыздын чындап ишке ашуусуна көмөк көрсөтөбүз.

Полл К. Шинн, Ректор.