+996-312-616-882, info@keiin.kg
 

Кейин тууралуу кыскача баяндама

Түптөлүшү

Кейин 2012-жылы түптөлүп, Кыргызстандагы алдыӊкы жогорку билим берүү институттарынын бири катары өнүгүп келет. Институттун тарыхы тууралуу кенен маалыматты бул жактан окуӊуз.

 

Профессордук-мугалимдик курам

Отуздан ашуун мугалимдик жамаат жана бештен ашык Түштүк Корея менен АКШ өлкөлөрүнөн он-лайн режиминде сабак берген доценттер.  

Студенттер

Азыркы учурда  86 студент ар түрдүү программаларда билим алууда.

Бүтүрүүчүлөр

2017-жылы июнда 2-жылдык колледжди жана Бизнести башкаруу боюнча бакалавр программаларынын студенттери биринчи бүтүрүүчүлөрдөн болушат.  

Ураан

Wisdom in Action”

 

Жер мүлкү

45 акр (180,000 m2)

 

Китепкана фонду

Кейиндин китепканасы төрт миӊден ашуун кесиптик китептерди жана кол жазмаларды камтыйт. Көпчүлүк китептер англис тилинде жана алар чет өлкөлөрдөн алынып келинген. Китепкананын фондуна Кейиндин веб-сайты аркылуу же жалпы колдонуучулар үчүн колдонууга мүмкүн болгон он-лайн режиминдеги китепкана (library.keiin.kg) аркылуу кирүүгө болот.  

Факультеттер, колледж жана институт

Кейин Институту курстарды, күбөлүктөрдү жана академиялык даражаларды сунуштоочу үч программадан турат.

 

3-жылдык колледж жана бакалавр программалары үчүн каралган каржылык жардам

Студенттердин 50 пайыздан ашыгы каржылык жардам алышат. 2016-2017-окуу жылдары кирешеси төмөн (белгилүү бир кирешенин өлчөмү) болгон үй-бүлөлөрдүн балдары Кейинден каржылык колдоо ала алышты.

Жергиликтүү коомчулукка колдоо көрсөтүү максатында Кейин Ивановка аймагынан келип окуган студенттер үчүн окуу төлөмдөрүн 25%га чейин арзандатып турат.

Ал эми эӊ жакшы академиялык ийгиликтерди көрсөткөн студенттер үчүн Окуудагы эӊ жакшы көрсөткүчтөрүнүн негизинде окуу төлөмдөрү 50%дан 100%га чейин төмөндөтүлөт.

 

Кейин Интернешнл Институтунун Ректору

Полл К. Шинн, Кейиндин түптөөчүсү жана Ректору.

Кейин Интернешнл Институтунун эмблемалары

                              

Аталышы

Кейин деген атты Кейиндин түптөөчүсү жана Ректору Др Пол Шинн койгон. Ал Кыргызстанда биринчи жолу институтту жаӊы гана иштетип баштагандыктан, аны кытай тилинде Кейин (啓寅) деп атаган. Мааниси «Таӊды тосуу» дегенди билдирип, сапаттуу билим берүү менен өлкө жана дүйнө үчүн жаш лидерлерди өстүрүү аркылуу жаӊы эраны баштоону максат кылган.

 

Кошумча маалымат

Жаӊылыктар, долбоорлор, мугалимдердин тажрыйбасын жогорулатуу, студенттик жашоо жана Кейиндеги күнүмдүк иш-чаралар тууралуу кенен маалымат алуу үчүн Кейин менен байланышыӊыздар.

Дареги: Некрасов көч. 2A, станция Ивановка, Чүй облусу, Кыргызстан

Тел: +996.312. 616.882 (9.00 – 16.00, ДүйшөмбүЖума күндөрү)

Email: info@keiin.kg