+996-312-616-882, info@keiin.kg
 

Тарыхы

Кейин 2012-жылы түптөлүп Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан колледжге даярдоо программасын ишке ашырууга күбөлүк алган. Андан бери Кыргызстандагы алдыӊкы жогорку билим берүү институттарынын бири катары өнүгүп келет.

Кейин деген атты Кейиндин түптөөчүсү жана Ректору Др Пол Шинн кытай иероглифинде (啓寅) койгон. Мааниси «Таӊды тосуу» дегенди билдирип, өлкөдөгү жана дүйнө жүзүндөгү жаш лидерлерге сапаттуу билим берүү аркылуу Кыргызстанда жана Орто Азияда жаӊылык киргизүүнү максат кылган.

Институттун тарыхындагы фактыларга көз чаптыруу

2009 – Кыргызстанда Ивановкадан имараттарды сатып алып, алар негизги кампус болуп калышты.

2012 – Англис тилиндеги жалпы билим берүү программасы ишке кирди.

2013 – Бизнести башкаруу программасы ишке кирди.

2015 – 3-жылдык колледжге лицензия Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилди: Бизнести башкаруу, компьютердик технология жана туризм.

2015 – АКШдагы Миссури Университети менен кызматташтык келишимине кол коюлду.

2016 – 10-11-класстар үчүн тездетилген орто мектеп программасы ишке кирди.

2017 – (Апрель 11) 4-жылдык университетке лицензия (Лицензия №: LD170000214) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилди: Бизнести башкаруу, компьютердик технология жана чет тилдер факультеттери. 

2017 – (Май 13) Кореядагы КукМин Университети менен кызматташтык келишимине кол коюлду.

Кейиндин эмблемасы

Кейин деген атты Кейиндин түптөөчүсү жана Ректору Д-р Пол Шинн кытай иероглифинде (IN, ) түзгөн. Мааниси «таӊдын атышы» дегенди билдирип, үмүттү, бакубаттуулукту жана оптимизмди чагылдырат. Логотип Кыргызстандын тоолорун, талааларын жана жаштарды камтыйт.

 

Кейиндин Ректору

2012 ~ Полл К. Шинн, Кейиндин түптөөчүсү жана Ректору.