+996-312-616-882, info@keiin.kg
 

Бишкектен Кейиндин кампусуна келүү

Жибек-Жолу

Эгерде Кейинге келүүнү чечсеңиз, Жибек-Жолундагы Аламедин базарына келе турган кичи автобустарга түшүү керек. Аламедин базарынын чыгыш аялдамасынан №354 кичи автобусуна же Ивановка айылына бара турган бардык маршруткаларга түшүүгѳ болот. Жол акысы 35 сом.

Ивановкага келгенде светафорго жетпей Ивановка базарынан түшѳсүз. Станция Ивановкага бара турган таксилерге отурасыз. Такси менен түштүктү кѳздѳй 5-7 мүнѳт жүргѳндѳн кийин (15 сом), оң тараптан май куюуучу жайды кѳрѳсүз. Андан ѳткѳндѳн кийин 4 кабаттуу кѳгүш-жашыл түстѳгү Кейиндин имаратын табасыз.