+996-312-616-882, info@keiin.kg
 

Ийримдер

Кейиндеги студенттик турмуш кадимки колледждеги жашоодон бир топ өзгөчөлөнөт. Эгерде Кейинде убакытты туура пайдаланууну чечсеӊиз, жакшы эс алууга, коомчулукка кызмат кылууга, кызматташтыкты кеӊейтүүгө салымыӊызды кошо аласыз. Кубаттуу жана бир калыптагы жамаатыбыздын бир бөлүгү катары достукту чыӊдоого жана эсте калаарлык убакыттарды өткөрүүгө болот.

Ар жылы сентябрь айында иш-чаралардын жаӊы программалары иштелип чыгат жана төмөндөгүдөй ийримдерге катышууга болот:

  • Хор
  • Таэквандо
  • Корей тили
  • Узчулук
  • Жергиликтүү мектеп окуучулары үчүн англис тил ийрими
  • Музыкалык инструменттер (гитара)
  • Көркөм фильм ж.б.

Студенттер студенттик иштер бөлүмүндө колледждеги иш-чараларга жазылышат жана билим алуудагы кызыкчылыктарына жараша Ыктыярчылар сунуш кылган ийримдерди тандап алышат же өзүлөрүнүн ийримдерин сунуштай алышат.

Өзүӊдүн идеяларыӊ менен теӊ бөлүшсөӊ, биз аны ишке ашырууга көмөктөшөбүз.

Кейиндеги кошумча иш-чаралар тууралуу кенен маалымат алуу үчүн билим берүү бөлүмү менен байланыш.