+996-312-616-882, info@keiin.kg
 

КЕЙИН жөнүндө

Кейин Интернейшнл Институту жогорку сапаттагы билим берүүнү жана Ысык-Ата районунан, Кыргызстандын бардык аймактарынан келген, келечекте өзүлөрү тандап алган багыттарга өзгөрүүлөрдү киргизүүгө дилгир лидер жаштарды тарбиялоону максат кылып алган. 2012-жылы, Кейин Кыргызстандагы 30 абитуриентке үч багытты жана жети курсту сунуштоо менен өз ишмердүүлүгүн баштаган.

2016-жылдан бери Кейин үч программаны ишке ашырып келет: 4-жылдык Бакалавр программасы, 3-жылдык колледж жана 1-жылдык колледжге даярдоо программасы.

2017-жылы күзгү семестрден баштап, Кейин жаӊычыл, дүйнөлүк деӊгээлдеги төрт жылдык бакалавр программасын бизнести башкаруу, чет тилдер жана компьютердик технология багыттары боюнча сунуштайт.

Кейин тууралуу кыскача баяндама

Кейиндин профессордук курамы Кыргызстандагы жана Орто Азиядагы жаштардын билиминин деӊгээлин билим берүү жана илимий изилдөө аркылуу жогорулатууга умтулат. Дилгир, 21-кылымда Орто Азия өлкөлөрүндөгү маселелерди талдоого кызыккан студенттер үчүн Кейин ар түрдүү практикалык, окутуучулук программаларды, Кейин кызматташтыкта иш алып барган өнөктөштөр менен бирдикте студенттерге чет өлкөдө окуу жана тажрыйба алмашуу программаларын сунуштайт. Андан сырткары, Кейин бакалавр жана колледж программаларында окуган студенттер үчүн 50%дан ашык каржылык жардам көрсөтөт.

2017-жылы, Кейинден тандалып алынган студенттер LEAD жана I-LEAP программаларынын алкагында АКШдагы Миссури Университетине 16-жумалык программага чакыруу алышып, аларга Университеттин Азия иштери боюнча борбору толук каржылык колдоо көрсөттү. Ошондой эле, Кейин дүйнөлүк өнөктөштөр менен биргеликте университеттин накта дүйнөлүк деӊгээлдеги билим берүүнү көздөгөн максаттарын ишке ашырууга өбөлгө түзө турган, билим берүүгө жана лидерликти өнүктүрүүгө багытталган программаларды иштеп чыгууну уланта берет.

Тарыхы

Кейин 2012-жылы түптөлүп, Кыргызстандагы алдыӊкы жогорку билим берүү институттарынын бири катары өнүгүп келет. Институттун тарыхы тууралуу кенен маалыматты бул жактан окуӊуз.

Акыркы жаӊылыктар

Кейиндеги акыркы жаӊылыктардан маалымат алуу үчүн, KEIIN News Update баракчасына кириӊиз.

Кейинге кош келиӊиз!

Кейин дүйнөнүн жана Кыргызстандын бардык аймактарынан келген адамдардын баарын кубануу менен тосуп алат. Кейин жакындан таанышууну каалаган бардык тараптарды университеттин кампусу жана анын академиялык программалары тууралуу жалпы маалыматтар менен камсыз кылат. Кейинге келүү тууралуу толук маалымат алыӊыз.