+996-312-616-882, info@keiin.kg
 
 

КЕЙИНДИН КЕЛЕЧЕГИ КЕҢ

 (Kutbilim Article) Жогоруда аталган окуу жайлар негизинен өлкөнүн борбору жана чоң шаарларынан орун алса, Кейин эл аралык институту алардан айырмаланып, Чүй облусундагы Ивановка станциясында жайгашкан. Студенттерге бизнес менежменти, туризм жана компьютердик технологияны үйрөтүп,  ушул үч адистик боюнча алгачкы бүтүрүүчүлөрүнө коллеждин дипломун быйыл биринчи жолу тапшырат.

Алсак, азыр Кейин эл аралык институту АКШнын Миссури университети менен тыгыз кызмтатташып, студенттерди алмашуу аркылуу билим алуусуна жол ачты. Быйылкы жылдын эсебинен мындай мүмкүнчүлүктү эки студент: Абдуллаев Галбай, Касымова Айпери пайдаланышат.

3-мартта Кейин институтунун ректору доктор Пол Синн Ивановка айыл өкмөтүнүн кеңсесинде болуп, окуу жайы менен айыл өкмөтүнүн кызматташуусу боюнча меморандумга кол коюшту.
Өткөн жылдары Кейин институту Ивановка станциясынын жашоочуларына суу чыгарууга жардам  берген. 

Ал эми Кейиндин студенттери болсо ар жума Ивановка станциясындагы мектепте англис тилинен окуучуларга кошумча сабактарды өтүшөт.

http://kutbilim.journalist.kg/2017/03/17/keyindin-kelechegi-ke/

 
 

More Posts in Uncategorized

 
 

Share this Post